Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү башталды

© Photo / Sumit Sanyal, StenincontestСтенин атындагы сынакта катышкан сүрөт
Стенин атындагы сынакта катышкан сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүүгө катышуу үчүн ВКонтакте, Facebook, Twitter же Кытайдын Weibo тармагынын биринде аккаунт болушу зарыл. Жеңүүчү августтун башында жарыяланып, Интернеттеги эң эле популярдуу сүрөттүн автору конкурстун диплому менен сыйланат.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы сынактын кыска тизмесине кирген эмгектердин ичинен мыктысын эми соцтармак колдонуучулары да тандай алышат. Алар үчүн конкурстун сайтында орус жана англис тилдеринде онлайн-добуш берүү уюштурулган.

Добуш берүүгө катышуу үчүн ВКонтакте, Facebook, Twitter же Кытайдын Weibo тармагынын биринде аккаунт болушу зарыл. Жеңүүчү августтун башында жарыяланып, Интернеттеги эң эле популярдуу сүрөттүн автору конкурстун диплому менен сыйланат.

"Во весь голос" долбоору башталды. Ага кыргызстандык балдар да катыша алат

Сынактын куратору, "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин визуалдык долбоорлор кызматынын жетекчиси Оксана Олейниктин айтымында, онлайн-добуш берүү сүймөнчүлүгүнө ээ болгон авторду тандоо менен мыкты эксперттер менен баарлашууга жол ачат.

Сентябрда Андрей Стенин атындагы сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болуп, алардын аты-жөнү stenincontest.ru | stenincontest.com сайтына жарыяланат. Мындан тышкары, Москвада лауреаттардын көргөзмөсү уюштурулмакчы.

Путин ыраазы болду! Кремлде жылдызы жанган 5 өнөрпоздун баяны

Конкурстун келечек пландарында жеңүүчүлөр үчүн жыл аягына чейин дүйнө кыдырткан роуд-шоу уюштуруу да бар.

Эскерте кетсе, фотожурналистиканын Андрей Стенин атындагы эл аралык сынагы "Россия сегодня" эл аралык агенттиги тарабынан түзүлгөн. Максаты жаш фотографтарды колдоп, бүгүнкү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0