Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАсмандагы булуттар. Архив
Асмандагы булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Эртең Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын, Баткен дубандарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу өрөөндөрдө кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32, Талас жергесинде +26…+31, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарында +20…+25 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы борбор калаа менен Ошто +30…+32 жана Чолпон-Атада +21…+23 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0