Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Мэр Азиз Суракматов брифинг учурунда
Мэр Азиз Суракматов брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардагы район жетекчилери рейдге чыкса, милициялар санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болду. Ошондой эле медиктердин жоопкерчилиги күчөтүлдү.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышын текшерген рейддер мурдагыдан да көп жүргүзүлүп, айып пулдар эскертүүсүз салынат. Бул тууралуу брифинг учурунда калаа башчысы Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, шаардык муниципалитет тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

"Райондук администрациялар менен муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары тиешелүү кызматтар менен биргеликте күн сайын рейд өткөрүп турушат. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспортко жана эл көп жүргөн жерлерге өзгөчө көңүл бурулушу керек", — деди Суракматов.

Тойкана, түнкү клубдар жабылат. Баш ийбесе жарыгы, суусу өчүрүлмөй болду

Ички иштер башкармалыгына, милициянын шаардык бөлүмдөрүнө жана аймактык милицияларга санитардык нормаларды сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Саламаттык сактоо департаменти менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна коронавирустун очокторун аныктоо үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүү милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0