Тойкана, түнкү клубдар жабылат. Баш ийбесе жарыгы, суусу өчүрүлмөй болду

© AFP / FRANK PERRYОфицианттар иш учурунда. Архив
Официанттар иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада буга чейин көңүл ачуучу жайларга 50 кишиден көп эмес кардар тейлөөгө уруксат берилген эле.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте тойкана, түнкү клуб, бар, караоке-клуб жана башка көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Буга чейин аталган жайларга 50 кишиден көп эмес кардар тейлөөгө уруксат берилген болчу.

Калаа башчысынын айтымында, эгер карантин режимин бузгандар болсо "Түндүк электр" жана "Бишкек суу канал" ишканаларына жарыкты, сууну өчүрүүгө тапшырма берилет.

"Велосипедди ижарага берген жайлар, балдар аянтчасы жана жол боюнда соода кылгандар өз ишмердүүлүгүн токтотушу керек. Келген адамдардын санына карабай тойкана, түнкү клуб, караоке-клубдар жабылат. Карантиндик режимди сактабагандарга электр жарыгы жана суу берүү токтотуу сунушталат. Ошондой эле балдарга оюн-зоок уюштурган жайлар, оюн аянтча, футбол талааларынын иштөөсүнө тыюу салынат", — деди Суракматов.

Ал андан сырткары, эл көп барган парк, сквер, бульварга келүүгө чектөө киргизилгендигин, эгер тургундар менен меймандар аталган талаптар аткарылбаса эскертүүсүз айып пул салына тургандыгын кошумчалады.

Кафе, соода борборлор кечинде жабылат! Бишкекте жаңы чектөөлөр киргизилди

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2 392ге, Чүй облусунда 1 047ге жетти. Азыркы тапта ушул эки аймакта эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оорлошуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0