Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги

© Фото / Пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар кызматынын подполковниги Урмат Узбеков
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар кызматынын подполковниги Урмат Узбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 1-июль —  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар кызматынын кесиптик майрамы. Ушул датаны утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар кызматынын подполковниги Урмат Узбековдон маек алды.

Адамды ар кандай кырсыктан куткарып калуу вазыйпасы берилген кесиптин ээси, 35 жаштагы каарманыбыз өз кесибин абдан жакшы көрөт жана жанын берип иштейт.

— Мырзалар үчүн ылайыктуу кесиптин ээси экенсиз. Бул балалык кыялыңыз беле?

— Ооба, бул кесипти тандап алганымдын себеби кичинемден эле аскер кызматкери болууну кыялданчумун. Өзүм Чүйдүн Москва районундагы Кепер-Арык айылынан болом. Ал кезде армиядан келген байкелер көзгө бир башкача көрүнчү эле. Өздөрү да формаларын бир жума чечпей айыл аралап, биздей боз балдар кызыгып ээрчип алчубуз. Бала кезде кошуна байкем аскерден форма кийип келгенде аябай кызыкканым эсимде. Кесип тандоомо айылдаш агаларым себеп болду го деп ойлойм. Азыр кесибимди абдан жакшы көрөм. Мектепти аяктаган соң дароо эле Бишкектеги Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы жогорку аскердик окуу жайына тапшырдым. Аны 2007-жылы аяктагам.

Өзгөчө апамды сагындым. Бир айдан бери үйүнө бара элек куткаруучунун маеги

© Фото / Пресс-служба МЧС КРКуткаруучу урмат Узбеков: Окууну аяктап жатканда бизди да ар кыл тармакка бөлүштүрдү. Мен дароо эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барарымды айткам. Ошентип куткаруучу, анын ичинен тоодогу куткаруу иштери боюнча адистештим.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу урмат Узбеков: Окууну аяктап жатканда бизди да ар кыл тармакка бөлүштүрдү. Мен дароо эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барарымды айткам. Ошентип куткаруучу, анын ичинен тоодогу куткаруу иштери боюнча адистештим.

— Аскердик кызматка кирген көп тармактын ичинен так ушул куткаруучулукту тандап алдыңызбы?

— Окууну аяктап жатканда бизди да ар кыл тармакка бөлүштүрдү. Мен дароо эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барарымды айткам. Ошентип куткаруучу, анын ичинен тоодогу куткаруу иштери боюнча адистештим. 2007-жылдан бери ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун №86123 аскер бөлүгүндө иштеп келем. Негизи ар кыл тармакта бул милдетти аркалап иштеп көрдүм. Тажрыйба бар. Ал ортодо билимимди жогорулатуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юриспруденция факультетинде окудум.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: Биздин борбор түндүктө жайгашкан төрт облустун жана Бишкек шаарынын куткаруучуларына өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда атайын программанын негизинде билим берип келет.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Биздин борбор түндүктө жайгашкан төрт облустун жана Бишкек шаарынын куткаруучуларына өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда атайын программанын негизинде билим берип келет.

— Учурда кызматыңыз кандай?

— Азыр ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун №86123 аскер бөлүгүндө командирдин окуу бөлүмү боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: Бул кесипти тандап алганымдын себеби кичинемден эле аскер кызматкери болууну кыялданчумун. Өзүм Чүйдүн Москва районундагы Кепер-Арык айылынан болом. Ал кезде армиядан келген байкелер көзгө бир башкача көрүнчү эле.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Бул кесипти тандап алганымдын себеби кичинемден эле аскер кызматкери болууну кыялданчумун. Өзүм Чүйдүн Москва районундагы Кепер-Арык айылынан болом. Ал кезде армиядан келген байкелер көзгө бир башкача көрүнчү эле.

— Өзүңүз да бир катар адистерди даярдап чыгарып жаткан экенсиз да?

— Биздин тарбиялануучулардын көбү Россия, Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алып, ӨКМде эмгектенип жатышат. Биздин борбор түндүктө жайгашкан төрт облустун жана Бишкек шаарынын куткаруучуларына өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда атайын программанын негизинде билим берип келет.

© Фото / Пресс-служба МЧС КР Урмат Узбеков: Кумтөрдүн үстүнөн түшүп келип туристтерди таптык. Тирүү экен. Көрсө, аскадан элик кулап, ошонун этин жеп жан сакташыптыр. Барсак, үчөө "эмне издейсиңер, өзүбүз бармакпыз" деп кайра бизди жаман көргөн.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Кумтөрдүн үстүнөн түшүп келип туристтерди таптык. Тирүү экен. Көрсө, аскадан элик кулап, ошонун этин жеп жан сакташыптыр. Барсак, үчөө "эмне издейсиңер, өзүбүз бармакпыз" деп кайра бизди жаман көргөн.

— Кызмат учурунда эсте калган учурлар да болсо керек?

— Андай эсте кала турган учурлар көп болот. Элибизде "кырсык каш-кабактын ортосунда" деген сөз бар го, анысы кандай, адам болгондон кийин кээде эрежелерди сактабай калабыз. Мунун кесепети кайгылуу учурлар менен аяктап калган окуялар кездешет. Бирок жакшы маанайдагы окуяга токтолгум келип турат. 2011-жылы Боом капчыгайындагы сууга бир машина беш жүргүнчүсү менен түшүп кетип, ошолордун сөөгүн издеп жүргөнбүз. Ошол маалда мен Издөө-куткаруу кошуунунда командирдин орун басары болчумун. Куткаруучуларды топ-топко бөлүп, ар 10 чакырым сайын суу жээктетип бирден топ таштап келип, өзүм бир жоокер менен аягында калдым. Аңгыча эле суу жээгинде турган бизге 10-12 жаштардагы кыз чуркап келип, "иним сууга агып кетти" деп ыйлап жиберди. Ошол замат аккан жерине барып суу жээктеп чуркап жөнөдүк, 600-700 метр чуркагандан кийин баланы көрүп калдым. Жоокерге телефонумду карматып "баарына чал" деп сууга секирип кеттим. Жанагы балага жетип, артыма отургузуп алып, экөөбүз суунун агымы менен дагы 500 метрдей агып отуруп, эптеп кичинекей аралчага чыктык. Ал жерде балага биринчи жардам көрсөтүп, эс алып, анан жээкке сүзүп келдим. Бала аман калды. Чыксам жетекчилик баш болуп, баары чогулуп калыптыр. Көрсө, жоокерге телефонду таштап, кимге чаларын так айтпай "баарына чал" деп сууга секирип кетиптирмин. Ал болсо ошол жерде куткаруу иштерин уюштуруп жүргөн Чүй облусунун башкармалыгына, биздин борбордун башчыларына, иши кылып телефондогу номерлердин баарына чалып, "капитан Узбеков баланын артынан сууга секирип кетти" деп чакыра бериптир (күлүп).

Күйгөн адамдын сөөгүн көрүп денем дүрт эткен. Өрт өчүрүүчү Сариевдин видеомаеги

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: Кырсыктаган адамдын сөөгү табылбай убакыт созулганда, жакындарынын абалы кыжалат кылат. Бирок аман-эсен издеп тапсаң да нааразы болгон адамдар да болгон
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Кырсыктаган адамдын сөөгү табылбай убакыт созулганда, жакындарынын абалы кыжалат кылат. Бирок аман-эсен издеп тапсаң да нааразы болгон адамдар да болгон

— Ал эми иренжиткен окуялар болобу?

— Албетте, көбүнчө адам өмүрүн эмес, сөөгүн куткарып калган учурлар болот. Кээде сөөгү табылбай убакыт созулганда, жакындарынын абалы кыжалат кылат. Бирок аман-эсен издеп тапсаң да нааразы болгон адамдар да болгон.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: Керектүү жабдыктар менен жыл сайын эле камсыздалабыз
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Керектүү жабдыктар менен жыл сайын эле камсыздалабыз

— Кандайча?

— 2008-жылы Россиядан келген үч альпинист туристтик тобунан адашып кетишкен экен. Бизге бул тууралуу маалымат эки жумадан кийин келген. Бул убакта алардын тамак-ашы да түгөнүп калганы белгилүү. Россиядан үчөөнүн жакындары да учуп келишиптир. Биз Караколдун үстүндөгү Сары-Жаз менен Эңилчек кырка тоолорунан издеп баштадык. Барганда эле төрт топко бөлүнүп, эң татаал каттамга биздин топтогу төрт куткаруучу эки күндүк азык алып кеттик. Себеби жергиликтүү эл биз сураган жерге эки күндө жетүүгө болорун айтышкан. Альпинисттер бизге 1976-жылдагы эски картаны беришкендиктен, айрым жерлер өзгөрүп бир аз адашып калдык. Бийиктиги 5500 метр, 4800 метр бийиктиктеги үч ашууну ашып, төрт күн издедик. Алган азыгыбыз эки күнгө эле ылайыкталган. Альпинисттер пландаган жол бузулуп кетип, алар башка жолго түшкөн экен. Ошентип ачка жөө-жалаңдап, Кумтөрдүн үстүнөн түшүп келип туристтерди таптык. Тирүү экен. Көрсө, аскадан элик кулап, ошонун этин жеп жан сакташыптыр. Барсак, үчөө "эмне издейсиңер, өзүбүз бармакпыз" деп кайра бизди жаман көргөн. Акыры альпинисттерди ызы-чуу түшкөн туугандарына алып бардык. Ушундай да учурлар кездешет. Биз ошондо бир күн кечиккенибизде ӨКМ артыбыздан бизди да издөөгө алмак.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: кандай гана кырдаал болбосун эч качан дүрбөлөңгө алдырбай, сабырдуулук менен чечим чыгарууга чакырат элем.
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: кандай гана кырдаал болбосун эч качан дүрбөлөңгө алдырбай, сабырдуулук менен чечим чыгарууга чакырат элем.

Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек

— Куткаруу иштеринде колдонгон техникалар жетиштүүбү же сиздерде да көйгөйбү?

— Керектүү жабдыктар менен жыл сайын эле камсыздалабыз. Өзүбүздүн министрлик тарабынан сатылып алынат же башка бир тармактар аркылуу атайын программанын негизинде чет мамлекеттен алып келинет. Бизде куткаруучу техникалардын жаңы. Акыркысы, былтыр чет мамлекеттен тоодон жүрүүгө атайын ылайыкташкан жолтандабастар келди. Андан мурункулары 2010-2014-жылдары Россиянын келген, тоо-ташка атайын ылайыкташкан автоунаалар.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРУрмат Узбеков: Куткаруучулардын кесиптик майрамы менен кесиптештеримди чын дилимден куттуктайм
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги - Sputnik Кыргызстан
Урмат Узбеков: Куткаруучулардын кесиптик майрамы менен кесиптештеримди чын дилимден куттуктайм

— Үй-бүлөңүз тууралуу учкай кеп...

— Келинчегим кесиби боюнча мугалим, эки баланын атасымын. Уулум 3-классты, кызым 1-классты аяктады. Апасы экөөбүз татыктуу тарбия берип, келечекте балдарыбыздын жакшы инсан болуусун тилек кылабыз.

Учурдан пайдаланып, окурмандарды кандай гана кырдаал болбосун эч качан дүрбөлөңгө алдырбай, сабырдуулук менен чечим чыгарышына чакырат элем. Себеби дүрбөлөң көп учурда кырдаалдын курчушуна алып келет. Ошондой эле 1-июль  —  Куткаруучулардын кесиптик майрамы менен кесиптештеримди чын дилимден куттуктайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0