Бир сутканын ичинде коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 62 адамга жетти. Кечээ жети адамдын каза болгону кабарланган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 жуктурган беш адам айыга албай каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Бейтаптар төмөнкү ооруканаларда үзүлгөн:

  • Республикалык клиникалык ооруканада 57 жана 67 жаштагы эки эркек киши;
  • Нарын облустук бириккен ооруканасында 60 жаштагы эркек киши;
  • Москва аймактык ооруканасында 70 жаштагы эркек киши;
  • Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында 72 жаштагы аял.

Көз жумгандардын баарынын өнөкөт оорусу болгон.

Соңку учурларды кошкондо Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен вирустан 62 адам ажал тапты. Кечээ, 30-июнда, жети адамдын каза болгону кабарланган эле.

Ошто 71 жаштагы дарыгер Жамал Тазабекова коронавирустан каза болду

Жаңылыктар түрмөгү
0