Нарында “Хизбут-Тахрир” уюмуна мүчө делген 6 аял кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБНарын облусунда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын алты мүчөсү кармалды
Нарын облусунда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын алты мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткан. 

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Нарын облусунда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын алты мүчөсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, УКМК диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткан. Анын алкагында 27-июнда Нарын облустук милициясы менен биргеликте “Хизбут-Тахрирдин” аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү А.Э.А., Б.К.М., А.Г.А., А.А.А., И.М.К. жана М.А.Б. кармалган. Алардын баары Кыргызстандын жараны экени айтылат.

“Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, “Хизбут-Тахрир” уюмун пропагандалоо материалдары, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Бул материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта. 

Аталган факт Жазык кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү ("Экстремисттик уюмду түзүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 Сирияда согушкан. Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түштү

Кармалгандар Нарын шаардык №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0