Россиялык авиакомпаниялар Кыргызстанга каттамын качан жандантарын айтышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"ЮТэйр" авиакомпаниясынын учагы. Архив
ЮТэйр авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын ЖМКлары чет өлкөгө каттамдар 15-июлдан тарта жанданарын байма-бай жазышууда. Учактар эң биринчи ЕАЭБ жана КМШга кирген өлкөлөргө каттайт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россия авиакаттамдарын КМШ мамлекеттерине башка өлкөлөрдөн мурдараак жандантат. Бул тууралуу РФтин транспорт министри Евгений Дитрих билдирди.

Sputnik Россиянын авиакомпанияларына кайрылып, алар ыкчам түрдө каттамдарды жандантууга даярдыгы тууралуу билип көрдү.

Июлдан тарта уча баштайбы?

"Биз жалпы эл аралык каттамдарды ишке ашыруудан мурда өзүбүзгө жакын болгон КМШ өлкөлөрүнө учабыз", — деп айткан Дитрих 30-июнда журналисттерге берген маегинде.

Бирок министр авиакаттамдар качан ачыла турганын так айткан эмес. Деген менен ал буга чейин эл аралык каттамдарды июль айында жандантуу планы күчүндө экенин айткан эле. Аны менен катар транспорт министри бийлик эпидемиологиялык кырдаалга карап чечим кабыл ала турганын белгилеп кетти.

Мурдараак Россиянын Аба транспорту федералдык агенттиги (Росавиация) КМШ өлкөлөрү менен эл аралык каттамдарды этап-этабы менен ишке киргизе берүү керектигин сунуштаган.

Россиянын алгачкы авиакаттамдары КМШ мамлекеттерине болору айтылды

Вице-премьер Татьяна Голикованын катчылыгы Коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб Тышкы иштер министрлигине, Росавиацияга жана Роспотребнадзорго авиакаттамдарды жандантуу маселесин карап чыгууга тапшырма бергенин тастыктады. Учурда маселе талкууланып жатат. Мындан сырткары, Россиянын башка мамлекеттер менен болгон макулдашуусун эске алып, бир бүтүмгө келери кошумчаланды.

Россиянын ЖМКлары чет өлкөгө каттамдар 15-июлдан тарта жанданарын байма-бай жазышууда. Учактар эң биринчи Евразия экономикалык биримдигине жана КМШга кирген өлкөлөргө каттай турганы кабарланды.

Авиакомпаниялар бийликтин чечимин күтүп жатат

S7 Airlines авиакомпаниясы пандемияга чейин Казакстан, Өзбекстан, Армения, Молдова, Азербайжан, Кыргызстан жана Тажикстанга каттап келгенин, учурда Россия өкмөтү чек араларды ачышын гана күтүп турганын белгилейт.

"S7 Airlines уруксат берилери менен дароо эл аралык каттамдарга чыгууга даяр. Расписание боюнча каттамды аткара албай калган самолёттор Inflight Ready Condition (англисчеден "учууга даяр абалында" деп которулат) абалында турат. Кайсы учур болбосун учууга даярбыз", — деди S7 компаниясынын маалымат катчысы Надежда Хаитова.

Ошондой эле ал кайсы өлкөлөргө көбүрөөк каттам аткарылары жүргүнчүлөрдүн санына байланыштуу болорун кошумчалады. Азырынча компания кайсы бир багыттар боюнча каттамдарды кыскарткан эмес.

Ал эми Utair компаниясынын авиатранспорттору дагы абага көтөрүлүүгө даяр турганын билдирди. Андыктан КМШ өлкөлөрүнүн бийлигинен уруксат алары менен уча турган багыттарын жандантарын кабарлады. Мурда Utair Азербайжан, Армения, Белоруссия, Тажикстан жана Өзбекстанга каттап келген.

Тышкы каттамдар 15-июндан тарта аткарылбайт. Штаб тактоо киргизди

Росавиациянын маалыматы боюнча, S7 Airlines менен Utair эл аралык жана ички каттамдарга ташыган жүргүнчүлөрүнүн саны боюнча алдыңкы алты лидердин катарына кирет. 2020-жылдын январь жана февраль айларында россиялык учактар (тизмеде 35 авиакомпания бар) 16,87 миллион жүргүнчү ташыган. S7 Airlines бул аралыкта 2,6 миллион жүргүнчүгө кызмат кылып, анын ичинен эл аралык каттам менен 665,3 адамды тейлеген.

Ал эми Utair миллиондон ашыгыраак (ички жана эл аралык) жүргүнчү ташыган.

Sputnik агенттиги материал даярдап жаткан маалда Россиянын башка авиакомпаниялары жооп беришкен жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0