Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду 

© Sputnik / Табылды КадырбековРульдагы кишен. Иллюстративдик сүрөт
Рульдагы кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрада ырчысы бир нече күн мурда Ыкчам аракетке келчү топтун унаасы менен кагышып, оор жаракатынан улам комада жатат. Жол кырсыгына шектелген айдоочуну ооруканада милиция кайтарууда.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголуп, бир айга камакка алынмай болду. Бирок учурда ал ооруканада экендигин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурда Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry айдап бараткан Асел Кадырбекова Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Кадырбекова оор жаракат алып, комада жатат. Берки машинадагы эки киши да жабыркап, медиктердин жардамын алууда.

Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады

Шаардык милиция кырсык тууралуу өзүнүн маалыматын берди.

"Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамаларында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Honda Odyssey унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап бара жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Toyota Camry  үлгүсүндөгү автокөлүктү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен экинчи автоунаанын 1991-жылы туулган айдоочусу А.К. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Биринчи унаадагы 25-26 жаштагы О.М. жана К.О. аттуу жарандар да травматология борборуна жана Улуттук госпиталга жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бишкек ШИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене ("Жол эрежесин бузуу") менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Талкаланып кетиптир! Бишкек — Ош жолундагы кырсыктын видеосу

Учурда 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан аны №1 тергөө абагына бир айга камакка алуу чечими чыккан.

Учурда сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0