07:43 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

Жалпысынан бир чакырымдан көбүрөөк жерге асфальт төшөлөт. Курулуш иштерин күзгө чейин бүткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Лев Толстой көчөсүнүн 7-Апрель менен Достоевский көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндөгү жол оңдоло баштады. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам аталган аймактагы жол автоунаалар үчүн жабылган. Курулуш иштерин жай мезгилинин аягында бүткөрүү пландалууда. Жалпысынан бир чакырымдан көбүрөөк жерге асфальт төшөлөт.

Андан соң Лев Толстой көчөсү аркылуу шаардын бардык тарабына чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Ош: Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот

Аталган көчөнүн Садыгалиев менен Алыкулов көчөлөрүндөгү жана 7-Апрель менен Ауэзовго чейинки бөлүгү Кытайдан алынган гранттын негизинде буга чейин оңдолгон. Ал эми 7-Апрель менен Достоевскийге чейин бөлүгү "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын ири көлөмдөгү реконструкция иштерин жүрүгүзүп жатканына байланыштуу кечиктирилип жаткан.

Тема боюнча

Корумду — Балбай жолун оңдоого Араб өлкөлөрүнөн 116 млн. доллар насыя алынат
Белгилер:
мэрия, көчө, оңдоо, жол, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ