Министрлик: мүмкүнчүлүк болсо, ооруканага жеке унаа менен да келгиле

© Фото / Уулжан СаякбаеваБишкектеги көчөлөрдө унаалар. Архив
Бишкектеги көчөлөрдө унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда ооруканалар жеке унаа менен келген бейтаптарды кабыл албай жаткандыгы жөнүндө маалымат тараган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ооруканалар бардык бейтаптарды кандай дарт менен келгенине карабай кабыл алышы керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Мен расмий айтып жатам, эгер тез жардам унаасын күтпөй өз алдынча келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бейтапты жеке автоунаа менен алып келгиле. Алар силерди кабыл алат. Мен өзүм башкы дарыгерге чалып, кайрылган адамды кабыл алгыла деген учурлар болду. Бул көпчүлүк жетекчилер өзүнүн мөөнөттөгү кызматкерлерине жана бөлүм башчыларына маалымат бербегендигин түшүндүрөт. Ооруп калган адам кандай гана жол менен келбесин, эң негизгиси алардын клиникалык абалы эске алынып, аны ак халатчандар кабыл алышы керек", — деди Каратаев.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда ооруканаларда жеке унаа менен келген бейтаптарды кабыл албай жаткандыгы жөнүндө маалымат тараган.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыкты

Жаңылыктар түрмөгү
0