"Алтын тамга" аттестатын кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү көп алды? Рейтинг

Жазылуу
Быйыл "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына 234 мектеп бүтүрүүчүсү ээ болду. Алардын басымдуу бөлүгүн кайсы облус же шаардын окуучулары ээлик кылгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги тактап көрдү.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-2020-жылдагы окуу жылынын соңунда уюштурулган сынакка 1 250 окуучу катышып, алардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош облусу менен Бишкек шаарынын тургундары экени айтылды.

Жыйынтыгында өзгөчө аттестаттын көбүн борбор калаадагы окуучулар алса, кийинки орунда Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын облустары турат.

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Министрлик жыл сайын уюштуруп келе жаткан жалпы республикалык сынак окуучулардын мектептеги сабактарын канчалык деңгээлде жакшы өздөштүрүп жаткандыгын баалап, жыйынтыгы билим берүүнү жакшыртуу үчүн атайын сунуштамаларды иштеп чыгууга колдонулат.

Белгилей кетсек, тестирлөө "Алтын тамга" аттестатын алам деген мыкты окуган балдар үчүн уюштурулат. Өткөн жылы ага 1 055 бүтүрүүчү катышып, анын 182си артыкчылык аттестатты колуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0