ТИМдин консулдук кызматы жарандарды кабыл алууну токтотту. Байланыш жолдору

© Sputnik / Эмиль СадыровТышкы иштер министрлигинин имараты. Архив
Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик сырттан кайтып келүүгө жана визага байланышкан суроолор боюнча телефон номерлерди, электрондук даректерди жана тиркемелерди көрсөтүп берди.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Муну менен бирге министрлик кайрылгандар үчүн байланыш жолдорун көрсөткөн. Эгерде зарыл себептер менен өлкөгө киргенге же чыкканга туура келсе шилтеме аркылуу "Кыргыз консул" мобилдик тиркемесин көчүрүп, "Байланыш" функциясын басуу керек же WhatsApp (+996551312000) менен кайрылууга болот.

"Ошондой эле өлкөгө кирүү зарылдыгын тастыктаган документтердин сканерленген нускасын тиркеңиз. Мындан тышкары, алгач мамлекетке кирүүнүн шарттары менен таанышып чыгууну сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде өлкөнүн визаларын каттоо "Электрондук виза" порталы (evisa.e-gov.kg) аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

Визага байланышкан суроолор боюнча 0-312-66-30-70 номерине чалганга, ошондой эле e-visa@mfa.gov.kg электрондук дарегине же Виза борборунун Телеграм-каналына кайрылууга болот t.me/visacenterkgen же t.me/ visamfakg.

Жаңылыктар түрмөгү
0