Диаспора: айрым мигранттар кайра Россияга кайтууну каалап жатышат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Мамлекеттик миграция кызматы пандемия учурунда Кыргызстанга 11 миң жаран кайтып келгендигин жана учурда  аларды жумушка орноштуруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бир катар кыргызстандыктар кайра Россияга кетүүнү суранууда. Бул тууралуу Свердлов районундагы "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун төрайымы Гүлшан Долонбаева кабарлады.

Ал "ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү: пандемиядан кийинки божомолдор" аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөгөн.

Россия 2021-жылы мигранттардын санын кыскартмай болду

"Биринчилерден болуп Кыргызстанга кеткен мекендештер күнү-түнү кат жазышууда. Алар бул жакка кайтып келүүнү каалап жатышат. Муну алар жумушсуздук жана Россиядан тапканын коротуп бүткөндүгү менен түшүндүрүп, "кандай гана болсо дагы жардам бергиле" деп жатышат", — деди Долонбаева.

Ошондой эле ал Россиядагы мигранттарга кичи мекенине кетпөөнү сунуштайт. Анткени КРде жумушка орноштуруу маселеси курч туруп жаткандыгын, анын ордуна РФтеги мекендештерге иш таап берүүгө жардам берүү керектигин баса белгиледи.

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

Аталган иш-чарада КРдин Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү  пандемия учурунда Кыргызстанга 11 миң жаран кайтып келгендигин, учурда аларды жумушка орноштуруу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын эске салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0