Спирт ичимдиктери COVID-19дан сактайбы? Штабдын видео жообу

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПродажа виноводочной продукции
Продажа виноводочной продукции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирусту алдын алууда спирт ичимдиктерин ичүү керектиги талкууланып, ал боюнча чет элдик адистер өз пикирин айтып келишкен.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Коронавирустан сактануу үчүн спирт ичимдиктерин ичүү туура эместигин Республикалык штаб билдирди.

Тийиштүү видео штабдын Telegram каналына жарыяланды. Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирус тууралуу сунуштарына негизделген фактылар менен мифтер талданган.

"Спирт ичимдиктерин ичүү сизди COVID-19дан коргой албайт жана өмүрүңүзгө коркунуч келтириши мүмкүн. Аны ашыкча өлчөмдө ичүү ден соолукка байланышкан көйгөйлөрдү пайда кылышы ыктымал", — деп айтылат видеодо.

Буга чейин чет элдик нарколог арак ичкенден кийин адамга коронавирус бат жугарын айтып чыккан.

Боронов Кыргызстандын азыркы эпидемиялык абалга жеткен себебин айтты

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус менен натыйжалуу күрөшүү үчүн алкоголь менен тамеки чегүүдөн баш тартууга чакырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0