04:01 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9205
  • EUR91.0969
  • RUB1.0531
Коом
Кыскача шилтеме алуу
14201

Мурдагы мамлекет башчынын апасы түндө Бишкекте каза болгон. Сөөгү эртең, 30-июнда, Байтик көрүстөнүнө коюлары айтылды.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаеванын апасы Салийка Даниярова дүйнө салды. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева кабарлады.

Ага ылайык, экс-президенттин апасы түндө Бишкекте каза болгон. Эртең Байтик көрүстөнүнө коюлат.

Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин 1952-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда "башталгыч класстын мугалими" адистигине окуган. Аталган калаада жайгашкан Токтогул атындагы орто мектепте он жылга жакын мугалим болуп иштеген.

Илимий ишмер, профессор Мария Нанаева 93 жашында көз жумду

Андан кийин жолдошу Исак Отунбаевдин жаңы кызматка которулгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепте мугалимдик ишин уланткан. 1964-жылы Ош педагогикалык институтунун биология факультетине тапшырган. Күйөөсү борбор калаага жаңы ишке которулуп, мугалимдик ишин 1967-жылы Фрунзе шаарындагы №1 спорттук мектеп-интернатында уланткан. 1975-жылы ушул мектеп-интернаттан пенсияга чыккан.

Педагог Салийка Даниярова узак жылдарды камтыган эмгегин көптөгөн коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди, белгилүү спортчуларды окутуп, тарбиялоого арнаган.

Жубайлар сегиз балага өмүр берип, окутуп, тарбиялады, ондогон небере-чөбөрөлүү болду. Сегиз баласы турмушта ордун таап, жогорку билимге ээ болушкан. Экинчи кызы Роза Отунбаева Кыргызстандын президенти болгону маалым.

Тема боюнча

"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды
Белгилер:
мугалим, өлүм, Роза Отунбаева, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ