Бишкек менен Чүйдө көп. Бир суткада 44 медик коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 783 учур катталып, алардын ичинен 431и стационарлардан сакайып чыккан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, илдет жуктурган медиктердин 23ү Бишкектен, 14ү Чүй облусунан, төртөө Ысык-Көлдөн, экөө Жалал-Абаддан жана бирөө Таластан.

Ал эми бир суткада 11 ак халатчан ооруканалардан айыгып чыкты.

Коронавирус илештирген дагы үч бейтап каза болду

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 783 учур катталып, алардын ичинен 431и стационарлардан сакайып чыккан.

Ал эми өлкө аймагы боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 017ге жетти. Анын 2 294ү айыгып, 50сү каза болду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0