Өлкөдө коронавирус жуктурган 88 адамдын абалы оор, 26сы реанимацияда жатат

© REUTERS / Maxim ShemetovОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө коронавирустун жеңил түрү менен алышып жаткан 1 957 кыргызстандык өз үйүндө дарыланууда.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканага жаткырылган 88 адам оор абалда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы жонунан COVID-19га кабылган 716 адам ооруканада дарыланууда. Абалы оор делген 88 бейтаптын ичинен 26сы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орточо оор абалында 275, ден соолугу канааттандырарлык деп 353 адам медиктердин көзөмөлүндө. Ал эми 1 957 киши өз үйүндө дарыланып жатат.

Коронавирус илештирген дагы үч бейтап каза болду

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 5 017ге жетти. Анын ичинен 2 294 бейтап айыгып, тилекке каршы, 50 адам ажал тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0