Пневмония болгондор үчүн дагы эки жерде 350 орун даярдалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОорукана палатасы. Архив
Оорукана палатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб буга чейин бир катар ооруканаларда пневмония менен жабыркагандар үчүн 400дөн ашуун керебет даярдалганын билдирди.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн дагы эки жерге кошумча орун даярдаганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө 150 жана "Манас" аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет коюлган.

"Булардын баары өпкө оорусу менен жабыркагандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. Кечээ күнү 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүндөн баштап №1 шаардык ооруканасы өпкөсү сезгенген 120 бейтапты кабыл алууга даяр. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Боронов: дүрбөлөңгө түшпөгүлө, ооруканаларда орун бар. Бош койкалардын саны айтылды

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалган. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү экендиги белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0