Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Влад УшаковГоры Кыргызстана
Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эртең күндүз республикада аба ырайы бузулбайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +28...+30 градуска көтөрүлөт.

29-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0