Студенттер үчүн Москва — Бишкек чартердик каттамы уюштурулуп, 393 жаран келди

© Фото / Пресс-служба МИД КРРоссиядан Кыргызстандык жарандар алып келинди
Россиядан Кыргызстандык жарандар алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик кайрылуулардын көп болуп жатканын эске алуу менен мындан ары дагы студенттерди алып келүү боюнча чертердик каттамдар уюштуруларын билдирди.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн Россиядан Кыргызстанга 393 жаран алып келинди, алардын басымдуу бөлүгү Россиянын ЖОЖдорунда билим алып жаткан студенттер. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мекендештер "Аэрофлот — Россия аба жолдору" авиакомпаниясынын "Москва — Бишкек" чартердик каттамы менен учуп келишти.

"Каттам менен пара пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү дагы келишти. Алар Токиодо өтө турган параолимпиадага даярдыктын алкагында Москва шаарында жүрүшкөн. Мындан сырткары ден соолугуна байланыштуу мекенге тезирээк келүүгө муктаж болгондор бар", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанга келген мекендештердин баары медициналык кароодон өтүш үчүн обсервацияга жайгаштырылары кошумчаланды.

Москвадан Ошко 326 кыргызстандык учуп келди

Министрлик кайрылуулардын көп болуп жатканын эске алуу менен мындан ары дагы студенттерди алып келүү боюнча чартердик каттамдар уюштуруларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0