Аялды жыга тепкен кишилердин ким экени аныкталды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши муштумун көрсөтүп жатат. Архив
Киши муштумун көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милициянын тастыкталган маалыматына ылайык, 26-июнда "Адилет" конушунда кошуналар ортосунда чыр чыккан.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектин жака белинде бир жигитти жана анын апасын сабаган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлап, жаңжалдын чоо жайы тууралуу маалымат берди.

Буга чейин социалдык тармактарга белгисиз адамдар бир жигитти уруп жаткан видео тараган. Алардын бири жаңжалга аралашкан аялды да уруп, тээп жана жаткыра койгону коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Окуя Чүй облусунун "Ак-Бата" конушунда болгону айтылган.

Облустук милициянын тастыкталган маалыматына ылайык, жаңжал 26-июнда "Адилет" конушунда кошуналар ортосунда болгон.

"Түштөн кийин саат 16.00 чамасында 28 жаштагы жигитти жана анын 47 жаштагы апасын сабап, милиция барганга чейин качып кетишкен. Жабырлануучулар арыз жазды. Аталган факт Жазык кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча катталды", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери бул окуяга шектүү катары 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. аттуу жарандарды кармап, сурактан кийин коё берген.

Аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган кишинин иши сотко өттү

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, эне-баланы жер тилкеси боюнча чыккан чырдан улам сабап салышкан.

Чүй ОИИББ жабырлануучулардын соттук-медициналык экспертизасынын корутундусуна карап шектүүлөрдү кармоо боюнча чечим чыга турганын белгиледи.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0