Жээнбековдун жанындагы Досалы Эсеналиев баштаган дагы 9 кызматкерден COVID чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Аппарата президента КР Досалы Эсеналиев
Руководитель Аппарата президента КР Досалы Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик аппаратта илдетке чалдыккан кызматкерлердин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президенттин аппаратынын дагы тогуз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жакында эле аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырышкан.

Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды

Учурда илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат. Маалыматта алардын аралыктан иштеп жатканы кошумчаланды. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.

Коронавирустун президенттик аппаратка жеткени 24-июнда белгилүү болгон. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн Москвага барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталып, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай калган.

COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты. Андан кийин алты кызматкерден оору табылган. Өлкө башчынын анализи таза чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0