Бийликти басып алууга шектелген Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат фракции "Ар-Намыс" Каныбек Осмоналиев
Депутат фракции Ар-Намыс Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу кечээ үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты. Бул маалыматты анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу кечээ үй камагына чыгарылган.

"Биз Каныбек Осмоналиевди абалына байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча буга чейин тергөөчүгө өтүнүч келтирген болчубуз. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ бул маселени карап, ал кишини үй камагына чыгарды. Каныбек Осмоналиев учурда үйүндө", — деди Токтосунов.

Адвокат ошондой эле азыр Осмоналиев дарыгерлердин көзөмөлүндө үй карантининде экенин кошумчалайт.

Атамбаев менен Жолдубаева жазага тартылды. Сот залынан видео

Эске сала кетсек, экс-депутат 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип кармалган.

Буга чейин ал УКМКнын тергөө абагында кармалып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0