Президенттик аппараттын дагы 8 кызматкеринен COVID-19 аныкталды

Жазылуу
Буга чейин Жээнбековду Москвага коштоп барган делегациянын эки мүчөсүнөн вирус аныкталып, учурда алар үйдөн дарыланууда.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Президенттик аппараттын дагы 8 кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө алардын буга чейин коронавирус аныкталган кызматкерлер менен байланышта болгону айтылат.

Жээнбековду Москвага коштоп барган Сыдыков үйүндө дарыланууда. Каратаев жаңылдыбы?

Делегация өкүлдөрүнөн коронавирус табылгандан кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырышкан.

"Анализдердин жыйынтыгы боюнча, аппаратта иштеген сегиз кишиде коронавирус бар экени такталды. Бирок бул илдеттин мүнөзү жана биринчи анализдеги күмөндүү учурлары эске алынып, бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат. Ага жараша жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн", — деп айтылат билдирмеде.

Коронавирус табылган кызматкерлердин оорусу белгиси жок өтүп жаткандыктан, алар үйдө обочолонуп дарылана турганы кошумчаланды.

Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштөөнү улантышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0