Депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын кабыл алды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүСерверная
Серверная - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган документ бүгүн бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берилди. Натыйжада 79 депутат "макул", 10 эл өкүлү "каршы" добушун берди.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Парламент депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын үч окуудан жактырды.

Аталган документ бүгүн бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берилди. Натыйжада 79 депутат "макул", 10 эл өкүлү "каршы" добушун берди.

Жыйында депутаттардын бир тобу бул мыйзамга каршы чыгып, бул сөз эркиндигине коркунуч жарата турганын айтышты. Ошону менен катар мыйзамды мамлекеттик органдар адилеттүү аткара албай турганын белгилеп, тандалма күрөш жасаларын билдиришти. Мындан улам эл оюн соцтармакка да ачык жаза албагандай кылып укуктарын чектеп коюу кооптуулугу бар.

Эмнеси жаман? Депутат соцтармакты чектеген мыйзамга каршы кесиптештерине таң калды

Аталган мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова жазган. Ал тогуз беренеден турат. Анда интернет колдонуучуларынын, сайт ээлеринин жана провайдерлердин милдеттери тууралуу жазылган.

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Негизги максаты интернет аркылуу кимдир бирөөгө жалаа жапкан жана ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таралышына бөгөт коюу экенин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0