07:34 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2066)
104 0 0

Биринчи вице-премьер маморгандар аралыктан иштөөгө өтүп жаткандыктан, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керектигин да айтты.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Республикада эпидемиологиялык абал начарлап жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал аралыктан иштөө мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керектигин баса белгилеген.

"Кеңселерде саналуу гана кызматкер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш", — деди Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер мамлекеттик органдар аралыктан иштөөгө өтүп жаткандыктан, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керектигин да айтты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
"Вирус жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. Буга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна шарт түзүү керек. Ал үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтсүн. Ошондой эле колл-борборлордун дараметин жакшыртуу маселесин уюлдук компаниялар менен тез арада иштеп чыгуу шарт", — деди биринчи вице-премьер.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2066)

Тема боюнча

Өкмөт: Бишкекте абал начар, мобилдик топтордун саны көбөйтүлүүдө
Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды
Белгилер:
карантин, мамлекеттик орган, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ