Бекешев: маалыматтын жалганын кантип аныкташты билбеген мыйзам сунушталууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган мыйзамда социалдык тармакта, сайттарда жазылган маалыматтын чын же жалганын соту жок эле аныкталары жазылган.   

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда маалыматтын жалган экени кантип аныкталары белгисиз. Бул туурасында депутат Дастан Бекешев аталган документти талкуулоо учурунда билдирди.

Сунушталган мыйзамда "социалдык тармакка, сайттарга жазылган маалыматтын чын же жалганын соту жок эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктайт" деп жазылган. 

“Жети жыл мурун ушул залда Батукаев өлүп калат деп жатып коррупциялык жол менен чыгып кетти эле. Төрт жыл мурда ишкерлерге бейиш түзүп беребиз дедик эле. Бүгүн чындыктай сезилген нерселер эртең жалган болуп чыгып жатат. Бүгүн жалган дегени эртең чын болуп чыгышы мүмкүн. Аны аныкташ кыйын. Демек, бул мыйзам коомчулукка терс таасирин тийгизет. Четке кагышыбыз керек. Мунун авторлору мамлекеттик сыйлыктарды алабыз деп ойлоп жатышат да. Бирок жашоо-турмуш башкача сыйлык бериши мүмкүн”, — деди Бекешев.

Депутат Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Бекешев: депутаттар түшкө чейин эле 24 мыйзам долбоорун жактырды
Андан соң депутат маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдон эгер мыйзам күчүнө кирсе маалыматтын жалган же чын экенин кантип аныктай турганын сурады. 

Буга ал мындай милдеттеме каралбаганын айтып, өкмөт кайсы органды милдеттендирсе, ошолор аткарарын билдирди. 

Мындан улам Бекешев ким аныктай турганы белгисиз болуп жатса, мыйзам бирөөнүн заказын аткаруу үчүн гана иштеп калат деп шек санады. 

Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева Маданият, маалымат жана туризм министрлиги провайдер менен жарандарга ортомчу же адвокат боло турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0