Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 медик 200 миң сомдон алат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүГКБ им. В. В. Виноградова в Москве
ГКБ им. В. В. Виноградова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары коронавирус жуктуруп алып каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган 41 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсация алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, ар бир жуктуруп алган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

"Биз алгач 24 кишини аныктаганбыз, андан кийин 17 медик да коронавирусту жумуш учурунда жуктуруп алганы такталды. Булардын баарына 200 миң сомдон төлөнөт. Тизмени өкмөткө бергенден кийин алар акчасын бөлөт", — деди Каратаев.

ГУМ возобновил работу - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан COVID-19 жуктуруп алган туристтерге 3000 доллардан төлөйт
Ал коронавирус жуктуруп алып каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, өлкө боюнча жалпы 648 медик вирус илештирип алса, анын 396сы айыгып чыккан.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0