БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 30 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 112 болду.
"Айыккандардын бешөө Бишкекте, ону Чүйдө. Мындан тышкары Ош шаарында алты, Ош облусунда бир, Нарын облусунда эки, Жалал-Абадда алты бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Каратаев.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3 954кө жетти.
Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.