Антирекорд! Бүгүн Кыргызстанда дагы 228 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / SEBASTIEN BOZONЛаборатория кызматкери коронавируска анализ жасоо учурунда
Лаборатория кызматкери коронавируска анализ жасоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилекке каршы, вирус жуктургандардын саны 200дөн кемибей, тескерисинче, күндөн-күнгө көбөйүүдө.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 228 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

  • Бишкек — 113;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ош шаары — 32;
  • Ош облусу — 31;
  • Нарын облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 10;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Талас облусу — 3;
  • Баткен облусу — 2.

Ушуну менен өлкө аймагында COVID жуктуруп алгандардын саны 3 954кө жетти.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0