Өзбекстан Баткендеги "Булакты" уруксатсыз тарткан. Тараптар сүйлөшүү жүргүздү

Жазылуу
Кыргызстан өзбек тарапка тиешелүү органдар менен макулдашпай туруп аймакта видео тартканга болбой турганын эскерткен. Коңшу өлкө келтирилген аргументтерге макул экендигин билдирди.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Чечме айылындагы суу чыккан "Булак" деп аталган жерде Өзбекстан уруксатсыз топографиялык тартуу жүргүзгөнү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча бүгүн, 24-июнда, Кадамжайдагы Чечме айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өткөн. Ага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары дагы катышкан.

"Жолугушууда 23-июнда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Булактын" айланасында өзбек тарап жүргүзгөн топографиялык тартуу иштери талкууланды. Кыргызстан тиешелүү органдар менен макулдашпай туруп аймакта видео тартканга болбой турганын билдирди. Өзбекстан келтирилген аргументтерге макул болду", — деп жазылган маалыматта.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар чек ара тилкесинде жүрө турчу иш-аракеттер боюнча бири-бирине алдын ала кабар берип турууну макулдашышкан.

Ошондой эле Кыргызстандын чек арачылары укук коргоо органдары жана Чечменин активдүү адамдары менен биргеликте тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0