Кыргызстанда канча бүтүрүүчү күбөлүк менен аттестат алганы айтылды

Жазылуу
Министрлик биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук талкууга койду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк менен жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жалпы 105 689 күбөлүк (9-класс) менен 60 533 аттестат (11-класс) берилген.

Электронный урок в московской школе - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү тармагынын маалымат чогулткан базасы жыл аягында ишке берилет
Министрлик биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук талкууга койду.

Маалыматта мурдагы кемчиликтердин алдын алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан бирдиктүү мамлекеттик документтерди иштеп чыкканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0