Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых

© Sputnik / Михаил Озерский / Медиабанкка өтүүПарад Победы. Маршал Советского Союза Георгий Жуков принимает парад. Москва. Красная площадь. 24 июня 1945 года
Парад Победы. Маршал Советского Союза Георгий Жуков принимает парад. Москва. Красная площадь. 24 июня 1945 года  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1945-жылдын 24-июнунда Москванын Кызыл аянтында өткөн алгачкы Жеңиш парады — бул СССРдин Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенин тастыктап, даңазалаган тарыхый парад.

Аны Советтер Союзунун маршалы, 1-Беларусь фронтунун командачысы, Жогорку башкы командачынын орун басары Георгий Жуков кабыл алган. Ал эми парадды Советтер Союзунун маршалы, 2-Беларусь фронтунун командачысы Константин Рокоссовский башкарган.

Парадды Жеңиш күнүнөн кийин дароо эле өткөрүүнү СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Иосиф Сталин чечкен. 1945-жылдын 24-майында Генералдык штаб Жеңиш парадын өткөрүү боюнча сунуштарды киргизген. Бардык шартка макул болгон Сталин бир гана параддын убактысына каршы чыккан. Штабдын сунушу боюнча парадды даярдоого эки ай керек эле, Сталин бир айдан кийин өткөрүүнү буюрган.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүИосиф Сталин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында. Анын оң тарабында маршалдар Георгий Жуков менен Константин Рокоссовский.
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
Иосиф Сталин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында. Анын оң тарабында маршалдар Георгий Жуков менен Константин Рокоссовский.

Парадды атчан кабыл алуу керек эле, мындан улам атта жакшы жүрө албаган Сталин бул вазийпадан баш тартат да, Жуковду чакырып: "Менден жашсыз, кавалеристсиз, андыктан парадды сиз кабыл аласыз" дейт

Кызыл Армиянын Генералдык штаб жетекчисинин 1945-жылдын 24-майындагы директивасына ылайык, жеңиш парадына катышуу үчүн согуштун акырында кандуу кармашка катышкан 10 полк, Аскер-деңиз флотунун жана СССРдин Коргоо наркоматынын полктору тартылган. Мындан тышкары, Москвада жана Москва облусунда жайгашкан академия менен училищелердин жоокерлери, Москва гарнизонунун күчтөрү катышкан. 

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүү1945-жылдын 24-июну. Москва шаары, Кызыл аянт
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
1945-жылдын 24-июну. Москва шаары, Кызыл аянт

Жеңиш парадына катышуучулар атайын поезд менен Москвага 10-июндан тарта келе башташкан. Аларды уюштуруучулар Алешкинский, Лефортовский. Октябрь жана Чернышевский казармаларына жайгаштырышкан.

Кургактагы бөлүк парадга Москванын М.В.Фрунзе атындагы борбордук аэродромунун аймагында, Ходынь талаасында даярданышкан. Ал эми артиллерия Крым көпүрөсүнөн Смоленск аянтына чейинки аймакта, мотомеханизациялаштырылган жана бронетанкалык техника Кузьминкидеги полигондо даярдык көргөн. 

© Sputnik / Сергей Лоскутов / Медиабанкка өтүүАлгачкы Жеңиш парады өтүп жаткан маалда нөшөрлөп жаан жааганы айтылат.
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы Жеңиш парады өтүп жаткан маалда нөшөрлөп жаан жааганы айтылат.

Параддын ар бир катышуучусу үчүн жаңы үлгүдөгү форма тигилген. Уюштуруучулардын сценарийи боюнча жоокерлердин жүрүшү Москвага Берлинден 20-июнь күнү алып келинген Жеңиш Туусун алып чыгуу менен башталмак. Аны тууну рейхстагга сайган Михаил Егоров менен Мелитон Кантария жана туу сайылып жаткан маалда батальонду коргоп турган Степан Неустроев алып чыкмак. Бирок алардын катарда басуу даярдыгы начар эле. Анын үстүнө Неустроев алган жарааттарынан улам аксагандыктан, Жеңиш Туусун таптакыр эле чыгарбоо чечими кабыл алынган

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
1945-жылдын 22-июнунда советтик гезиттерге Сталиндин Жеңиш парадын өткөрүү боюнча буйругу жарыяланган. Ошол эле күнү Кызыл аянтта параддын акыркы даярдыгы өтөт.

1945-жылдын 24-июнунда таңдан тарта күн бүркөлүп, жамгыр жаай баштайт. Эртең мененки саат сегизде парад катышуучуларынын баары тизилип бүтөт. Саат тогузда Кремль дубалынын трибунасы СССР менен РСФСРдин Жогорку Советинин депутаттары, наркомат кызматкерлери, маданият ишмерлери, жумушчулар, чиркөө өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар жана чет элдик конокторго жыкжыйма толот. Саат 9.45те В.И.Лениндин Мавзолейинин трибунасына Иосиф Сталин баш болгон Совет өкмөтүнүн жетекчилиги көтөрүлөт. 

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүЖеңиш парадына чакырылган чет элдик меймандар. Москва, 1945-жыл, 24-июнь
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
Жеңиш парадына чакырылган чет элдик меймандар. Москва, 1945-жыл, 24-июнь

Парадды башкарган Константин Рокоссовский жал-куйругу төгүлгөн жорго минип, кабыл алчу Георгий Жуковду көздөй багыт алчу ордун ээлейт. Саат туптуура 10.00дө, Кремль куранты белги бере баштаган маалда, ак боз ат минген  Жуков Кызыл аянтка келет. Рокоссовский рапорт берип, экөө куралдуу күчтөрдү айланып чыккандан кийин "Баарыңар уккула!" деген белги жаңырат да, генерал-майор Сергей Чернецкийдин башкаруусу алдында 1,4 миң кишиден турган оркестр Михаил Глинканын "Славься, русский народ!" чыгармасын аткарат. Жуков Мавзолейдин трибунасынан сөз сүйлөп, андан кийин СССРдин мамлекеттик гимни жаңырат. Ошол эле маалда 50 ирет артиллериялык салют атылып, аянттан үч жолу "Ура!" деген ураан айтылат. Ушундан соң гана салтанаттуу жүрүш башталат. 

© Sputnik / Сергей Лоскутов / Медиабанкка өтүүСоветтерСоюзунун маршалы Родион Малиновский жана 2-Украин фронтунун армиясынын командачылары параддан өтүүдө.
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
СоветтерСоюзунун маршалы Родион Малиновский жана 2-Украин фронтунун армиясынын командачылары параддан өтүүдө.

Парадга тартылган полктордун баары тынымсыз басып өткөндөн кийин оркестр токтоп, ошол жымжырттыкта 80 барабан ойноло баштайт. Кызыл аянтка 1-мото аткычтар дивизиясынын жоокерлеринен турган колонна германиялык армиянын 200 туусун ылдый каратып алып чыгат. Мавзолейдин ылдый жагында эки секиче бар эле. Ошол тушка келгенде жоокерлер оңго бурулуп, душмандын жеңилишинин белгиси катары колундагы тууларын ыргытышкан. Карап турган элге бул көрүнүш аябай жаккан эле.

Андан соң оркестр кайра ойноп баштап, калган жоокерлер өтөт. Тынбай жааган жамгырга  карабай эки саатка (122 мүнөт) созулган парадды оркестр жыйынтыктайт. Ага 24 маршал, 249 генерал, 2536 офицер, 31 116 сержант жана жоокер катышкан. 

© Sputnik / Евгений Халдей / Медиабанкка өтүү...Кызыл аянтка 1-мото аткычтар дивизиясынын жоокерлеринен турган колонна германиялык армиянын 200 туусун ылдый каратып алып чыгат. Мавзолейдин ылдый жагында эки секичеге келгенде жоокерлер оңго бурулуп, душмандын жеңилишинин белгиси катары колундагы тууларын ыргытышкан. Карап турган элге бул көрүнүш аябай жаккан эле.
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
...Кызыл аянтка 1-мото аткычтар дивизиясынын жоокерлеринен турган колонна германиялык армиянын 200 туусун ылдый каратып алып чыгат. Мавзолейдин ылдый жагында эки секичеге келгенде жоокерлер оңго бурулуп, душмандын жеңилишинин белгиси катары колундагы тууларын ыргытышкан. Карап турган элге бул көрүнүш аябай жаккан эле.

Ошол эле күнү кечи саат 11де зенитчилер көтөргөн 100 аэростаттан 20 миң ракета учурулуп, асманда "Жеңиш" орденинин элеси тартылат. Бул майрамдын кульминациясы эле. 

© Sputnik / Яков Халип / Медиабанкка өтүүПараддын катышуучулары. Ортодо 4-Украин фронтунун полк комиссары генерал-майор Леонид Брежнев, сол жагында 38-армиянын 101-аткычтар корпусунун командири генерал-лейтенант Андрей Бондарев. Москва, 1945-жыл, 24-июнь.
Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых - Sputnik Кыргызстан
Параддын катышуучулары. Ортодо 4-Украин фронтунун полк комиссары генерал-майор Леонид Брежнев, сол жагында 38-армиянын 101-аткычтар корпусунун командири генерал-лейтенант Андрей Бондарев. Москва, 1945-жыл, 24-июнь.

Эртеси, 25-июнда, Кремлдин Чоң сарайында Жеңиш парадынын катышуучуларына арналган кече өтөт. Советтик жетекчиликтин жана Жогорку командачылыктын сунушу менен 1945-жылдын сентябрында Берлинде союздук күчтөрдүн кичи парады өтүп, ага советтик, америкалык, англиялык жана франциялык жоокерлер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0