COVID-19дан көз жумгандардын жакындарына акча сунушталып жатабы? Өкмөттүн жообу

© Фото / Республиканского штаба КР по борьбе с COVID-19Вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифинг учурунда
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 41 киши каза тапты.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда коронавирустан көз жумган жарандар боюнча эл ичинде айтылып жаткан суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, "башка оорудан каза болгон жарандарды COVID-19 вирусунан көз жумду деп жаздырыш үчүн акча сунуштап жатат" деген эл ичинде ар кандай кептер жүрүүдө.

Бирок вице-премьер бул маалымат чындыкка дал келбейт деген пикирин билдирди.

"Бийлик COVID-19 вирусу боюнча статистиканы акча алыш үчүн атайын көбөйтүп жатат деген маалыматтын баары жалган. Эгер ушул сыяктуу айтылган учурларды угуп калсаңыздар, бизге билдириңиздер. Ар бир факты боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүлөт", — деди Исмаилова.

Ал коронавирус илдети бар экенин айтып, бул илдет адам өмүрүн алып жатканын дагы бир жолу эскертти.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0