Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, үй камагына алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева
Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Процесс Биринчи май райондук сотунда өтүп, мурдагы башкы көзөмөл органынын жетекчисине өкүмдү судья Эмилбек Каипов чыгарды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып салынып, үй камагына алынды. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов чыгарды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук музейдин иши: Сапар Исаковду сот 18 жылга кести
Мындан тышкары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылды.

Жолдубаева соттун мындай өкүмүнө макул эместигин айтып, кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Жолдубаева Атамбаевдин тушунда президент аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, башкы прокурор болуп эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0