Жергиликтүү соттордун ишин өркүндөтүү максатындагы алгачкы кадамдар ташталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иши азыраак соттордун штаты азайып, жүк башка судьяларга жүктөлдү. Бул күнгө чейин 48 Фемида өкүлдөрү ротация болду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар соттордун жасай турган ишин көбөйтүү менен иши азыраак жергиликтүү соттордун штаты кыскарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөө өтпөй калды. Жээнбеков 16 сотту дайындады. Тизме
Бул Фемида өкүлдөрүнүн штаттарын оптималдаштыруу максатында жасалды.

Мындай сунушту КРдин президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңеш киргизген. Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган. Тактап айтканда, парламенттин айрым депутаттары тарабынан "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышы демилгеленген, ал 2020-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген.

"Бул мыйзам иши азыраак айрым жергиликтүү судьялардын штатын кыскартуу жана аларды көбүрөөк иши бар сотторго берүү аркылуу соттордун штаттарын оптималдаштырууну карайт. Мында жергиликтүү соттордун судьяларынын ишин теңдештирүүгө жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле аларды көбүрөөк оорчулук жүктөлгөн жергиликтүү сотторго ротациялоого өбөлгө түзөрү болжолдонууда", — деп айтылган маалыматта.

Аталган мыйзамга ылайык, Соттор кеңеши белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду ишке ашырган. 2020-жылдын 12-июнунда жергиликтүү соттордун 48 судьясын которуу (ротациялоо) тууралуу чечим кабыл алган жана аны андан ары президенттин кароосуна сунуштаган. Мунун негизинде Жээнбеков тиешелүү Жарлык чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0