Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысынан CОVID чыкты

© REUTERS / POOLКоронавируска анализ жасоо үчүн алынган кан үлгүсү
Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган кан үлгүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал кызматкер обочолонгон. Институтта санитардык-гигиеналык жана коопсуздук эрежелери сакталып, жумуш толук кандуу жүрүп жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун бөлүм башчыларынын бири коронавируска кабылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

"Учурда ал кызматкер обочолонгон. Институтта санитардык-гигиеналык жана коопсуздук эрежелерди сактоо менен жумуш толук кандуу жүрүп жатат. Бир катар кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат. Аппарат кызматкерлери нөөмөт менен иштешүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту арыздануучулар 115 телефону аркылуу чалып кайрылса болорун эскертет.

Маалыматта түнкүсүн чалууларды атайын программа кабыл алып, жаздырып, эртеси күнү жообу берилери айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0