Дем жетпей... Коронавирустан абалы оорлогондордун саны өсүп, 45ке жетти

© Sputnik / Владимир АстапковичБейтапты карап жаткан дарыгер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын дээрлик көбү сакайып чыгып, арасында каза болгондор дагы катталды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Учурда өлкө боюнча стационарларда коронавируска чалдыккан 607 киши жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурган 45 кишинин абалы оор, анын 10у жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ситуация в Колумбии из-за пандемии коронавируса COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап көз жумду
Ошондой эле 174 адамдын абалы орточо, 388 кишинин ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. 817 адамдын оорусу симптомсуз өтүп, үйдөн дарыланууда.

Белгилей кетсек, кечээ 36 бейтаптын гана абалы оор болчу.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 519га жетти. Анын ичинен 2 054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0