Бишкек жетекчисинин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарып жатат

© Фото / пресс-служба Минфин КРБакетаев Алмаз Кушбекович.
Бакетаев Алмаз Кушбекович. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Бишкек жетекчиси Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алып, дене табы көтөрүлгөн, учурда ал аралыктан иштеп жатат. Андан тышкары мэриядан дагы эки адамдан коронавирус аныкталган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов дарыланып жатканына байланыштуу, анын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткармай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

"Шаардык жана ыкчам штаб штаттык режимде иштеп жатат. Бардык кызматтар жана акимдер өз милдеттерин аткарууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкек жетекчиси Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алып, учурда аралыктан иштеп жатат. Ошондой эле Бишкек мэриясынан дагы эки адамдан коронавирус аныкталган. Алар башкы бухгалтер жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

Бишкек боюнча коронавирус 1 248 адамдан табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0