Жээнбеков 24-июнда Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат

Жазылуу
75 жыл мурун, дал ушул күнү, 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катыша турганын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковго таянып маалымат кызматы кабарлады.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
Анын айтымында, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

75 жыл мурун, дал ушул күнү, 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөнү маалым.

Эскерте кетсек, 9-майда өтчү салтанаттуу парад коронавирус пандемиясынан улам 24-июнга жылдырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0