Бишкекте жаңы оорукана салынышы күтүлүүдө

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүОорукананын курулушу. Архив
Оорукананын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукана 130 орунга ылайыкташылып, заманбап жабдуу менен камсыздалары айтылды. Курулуш иштерин Корея каржылайт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкекте республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагына дагы бир жаңы оорукананын курулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, оорукананын курулушун Корея мамлекети каржылайт.

"Бүгүн Жогорку Кеңеш жаңы оорукананы куруу боюнча документти карайт. Эгер депутаттар аны ратификацияласа, курулуш иштери башталат. Документтеринин баары даяр. Оорукана 130 орунга ылайыкташылып, заманбап жабдуу менен камсыздалмакчы", — деди Абдикаримов.

Министр, мындан тышкары, өлкөдө 16 оорукана ремонттолорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0