Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы фонтандардын жанында балдар. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы фонтандардын жанында балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер келе жаткан айда өлкө аймагында күн канча грудуска чейин ысып, жаан-чачын канча жаарын айтып беришти.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги июль айына карата аба ырайынын божомолун айтты. Маалыматка ылайык, ай ичинде орточо температура нормадан бир градуска жогору болот.

© Фото / КыргызгидрометИюль ай ичинде орточо температура нормадан бир градуска жогору болот
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу - Sputnik Кыргызстан
Июль ай ичинде орточо температура нормадан бир градуска жогору болот

Ал эми жаан-чачындын көлөмү адаттагысынан ашпайт, атургай айрым аймактарда мурдагы көрсөткүчтөрдөн төмөнүрөөк болору күтүлүүдө.

© Фото / КыргызгидрометЖаан-чачындын көлөмү адаттагысынан ашпайт, атургай айрым аймактарда мурдагы көрсөткүчтөрдөн төмөнүрөөк болору күтүлүүдө
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу - Sputnik Кыргызстан
Жаан-чачындын көлөмү адаттагысынан ашпайт, атургай айрым аймактарда мурдагы көрсөткүчтөрдөн төмөнүрөөк болору күтүлүүдө

Чүй облусу

Ай ичиндеги орточо температура нормадан бир градус жогору болуп, +24…+26нын тегерегинде кармалат. Кемин өрөөнүндө +17…+19 градус болот.

Июль айынын ичинде түнкүсүн абанын табы +12…+17ден +19…+24кө чейин, күндүз +24…+29дан +33…+38ге чейин жетет. Түндүктө жаан-чачын нормадан азыраак, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде адаттагыдай эле абал сакталат.

Талас облусу

Ай ичиндеги орточо температура климаттык нормадан жогору, +21…+23 градустун тегереги.

Түнкүсүн термометр +9…+14төн +15…+20га чейин, күндүз +24…+29дан +31…+36га чейин көрсөтөт.

Жаан-чачын нормадан аз болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аптаптуу ысык болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Ай ичиндеги орточо температура адаттагыдан жогору болуп, түздө +25…+27, тоолуу райондордо +22…+24 градуска жетет.

Түнкүсүн ысык +14…+19дан +20…+25ке чейин, күндүз +26…+31ден +33…+38ге чейин жетет.

Тоолуу аймактарда бул көрсөткүч бир аз айырмаланат. Тагыраагы, түнкүсүн +9…+14төн +15…+20га чейин, күндүз +22…+27ден +29…+34кө чейин көтөрүлөрү болжолдонуп жатат.

Ысык-Көл облусу

Ай ичиндеги орточо температура Көлдө дагы нормадан жогору, +19…+21 градуска чейин жетет.

Бул аймакта түнкүсүн күн +10…+15, күндүз +19…+24төн +26…+31 градуска чейин ысык болот.

Жаан-чачын нормага жакын.

Нарын облусу

Ай ичиндеги орточо температура +18…+20 тегерегинде кармалып, нормадан бир градус жогору болот.

Түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз +19…+24төн +27…+32ге чейин жетет.

Жаан-чачын нормага жакын.

Жаңылыктар түрмөгү
0