КТРК кызматкерлери коронавируска шектелүүдө. Жетекчисинин жообу

© Фото / пресс-служба КТРККТРК имараты. Архив
КТРК имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайнак Үсөн уулу телерадиокорпорациянын ишине бул эч кандай таасир этпей турганын, бир топ кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын айтты.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын бир нече кызматкери коронавирус жуктуруп алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына телеканалдын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу билдирди.

"Коронавируска шектенүү бар. Кечээ кызматкерлерибиз ПЦР-тест тапшырышты. Телерадиокорпорациянын ишине бул эч кандай таасир этпейт. Кырдаалды башынан эле эске алып, бир топ кызматкерлерди аралыктан иштөөгө жөнөткөнбүз", — деди Үсөн уулу.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0