Кандай оорусу барлар помидордон баш тартканы оң? Диетологдун кеңеши

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүГипермаркет "Лента" в Великом Новгороде
Гипермаркет Лента в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Помидордун курамында органикалык кислота көп болгондуктан, бул жашылчаны организм сезгенген учурда жебеш керек. Зарна болуп жатканда, дене тап көтөрүлгөндө да помидор жебей эле койгон оң.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Диетолог Натали Макиенко кандай адамдар помидордон таптакыр эле баш тартышы керектигин түшүндүрүп берди. Дарыгердин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды. 

Сбор урожая черешни и вишни в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Диетолог чиенин ден соолукка пайдасын айтты
Анын айтымында, помидордун курамында органикалык кислота көп болгондуктан, бул жашылчаны организм сезгенген учурда жебеш керек. Мисалы, уйку без, муун оорусу, экзема, псориаз (тери оорусу) сыяктуу илдеттери барлар помидордон баш тартып койгону оң. Ошондой эле зарна болуп жатканда, дене тап көтөрүлгөндө да помидор жебеш керек.

Адис, мындан сырткары, гастрити жана өтүндө, бөйрөгүндө ташы барларга да помидорду сунуштабайт.

"Эгер өтүндө оорусу бар адам помидорду көп жесе, өттөгү таш чоңоюп кетиши ыктымал", — деген дарыгер.

Ошол эле учурда помидордун курамында магний, калий, фосфор, цинк, С витамини болгондуктан, ал жүрөк-кан тамыр ооруларына, варикоз, геморрой дарты барларга жана каны аз, кан басымы төмөндөргө миңдин бири экенин диетолог кошумчалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0