Бүгүн Москвадан Ошко 325 кыргызстандык алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн Москвадан Ошко 325 кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди
Бүгүн Москвадан Ошко 325 кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта мекендештердин баары белгиленген алгоритм боюнча обсервацияга алынып, медициналык кароодон өтүп жатат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бүгүн Москвадан Ошко 325 кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстанга Пакистандан бүгүн 94 адам алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Пакистандан 94 кыргызстандык алып келинди
Маалыматка караганда, аталган учак менен келүүгө жарандар бир нече критерийлер менен атайын арыздын негизинде кабыл алынган. Россиядагы элчиликте диаспора, дарыгерлер жана дипөкүлчүлүктүн кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тизмени бекиткен. Ал тизмеге кош бойлуу аялдар, баласы эки жашка чыга элек энелер жана ден соолугуна байланыштуу мекенине келүүгө мажбур болгон адамдар киргени айтылат.

Азыркы тапта келген мекендештердин баары обсервацияга алынып, медициналык кароодон өтүп жатат.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү жарандарды мекенге алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0