Эртең ЖРТ башталат. Министр шарттарын айтып берди

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUАбитуриент экзамен учрунда. Архив
Абитуриент экзамен учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жалпысынан мектепти 58 730 бүтүрүүчү аяктаса, анын 41 727си тестке катышат. Эртең саат 8.00дөн тарта негизги сабактар боюнча, 22-июнь күнү кошумча предметтерден сынак өтөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Эртең, 21-июнь күнү, Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө башталат. Ага 41 727 абитуриент катышат. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

"Быйыл мектепти 58 730 бүтүрүүчү аяктаса, анын 41 727си тестке катышат. Эртең саат 8.00дөн тарта негизги сабактар боюнча, 22-июнь күнү кошумча предметтерден сынак өтөт", — деди министр.

Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТ боюнча суроо барбы? Министрлик ыкчам байланыш номерин жарыялады
Ал эми тестирлөөнүн экинчи этабы 25-27-июнь күндөрү өткөрүлөт. Бул экөөнө тең кандайдыр бир себептер менен катыша албай калган балдар 11-12-июль күнү үчүнчү этабына катышса болот.

Учурда тест өткөрүүчү 117 борбор иштеп жатат.

Министр ар бир абитуриенттин коопсуздугу үчүн санитардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0