Бирөө айыгып...13 медицина кызматкери COVID жуктурду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 546 учур катталды, алардын ичинен 382си стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Анан ичинен жетөө Бишкек шаарында, бешөө Чүй облусунда жана бири Ош шаарында иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми сутка ичинде бир гана медкызматкер айыгып, стационарлардан чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 546 учур катталды, алардын ичинен 382 медкызматкер айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0