Өткөн суткада 192 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасоо үчүн алынган анализдер. Архив
Коронавируска тест жасоо үчүн алынган анализдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны өсүп жатат. Жаңы катталган учурдун ичинен басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 192 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, жаңы жуктурган учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Республика боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек ш. – 94
  • Чүй облусу - 62
  • Ош ш. – 16
  • Ош облусу – 14
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Талас облусу – 2
  • Нарын облусу – 2

Министрлик менен мэрия шаардыктарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоону эскертип келет.

Бардыгы болуп республика боюнча 2981 кишиден вирус аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0