22-июнда Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылат

Жазылуу
Ош шаарында көчөлөрдө, коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандардын саны көбөйүп, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жатат.

ОШ, 20-июн. – Sputnik. Ош шаарындагы борбордук жана "Келечек" базарлары 22-июнда бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, калаа аймагындагы кичи базарлар да дезинфекцияланат.

"Ош шаарында көчөлөрдө, коомдук жайларда бет капсыз жүргөн жарандардын саны көбөйүп, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбай жатат. Ошол себептен базарларда жана башка эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейд өткөрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кыргызстандын чоңураак шаарларындагы базарлар эпидемиологиялык абалдан улам жабылып, дезинфекцияланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0